Артка

Патентти жокко чыгаруу менен иштин түрлөрү

1. базарларда жана кичи базарларда чекене сатуу;

2. дүкөндөрдө чекене сатуу;

3. дүкөндөрдөн, соода борборлорунан жана базарлардан тышкары чекене сатуу;

4. соода түйүндөрүн пайдалануу менен соода борборлорунда чекене сатуу;

5. автоунаалар үчүн тетиктерди жана материалдарды базарлардан тышкары күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагондорду, лотокторду, прилавкаларды, чатырларды, боз үйлөрдү, кол арабаларды, чатырларды жана башка убактылуу темир конструкцияларды пайдалануу менен сатуу;

6. шам-шум тамак азыктарын сатуу;

7. үй жаныбарларын өстүрүү жана сатуу;

8. нан азыктарын өндүрүү (сатуу);

9. үй шартында пескоблок, шлакоблок жана брусчатка өндүрүп чыгаруу (сатуу);

10. өз өндүрүшүндөгү кол өнөрчүлүк буюмдарын (элдик искусство) сатуу;

11. мүрзө эстеликтерин, постаменттерди жана аларга тиешелүү элементтерди өндүрүү жана сатуу;

12. сүрөтчүлөрдүн иш-аракети, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатуу.

Кызматтар:

▪️ эсептөөчү жана көбөйтүүчү техникаларды техникалык тейлөө кызматтары;

▪️ үйлөнүү салондор кызматтары;

▪️ убактылуу жайларды колдонуу менен караоке;

▪️ базарларда лото оюндары;

▪️ малдын жана канаттуулардын этинен жасалган тамактарды даярдоо жана сатуу боюнча кызматтар (кебаб, гриль);

▪️ нан өндүрүү боюнча кызматтар (бир бышыруучу меш үчүн);

▪️ иттерди үйрөтүү боюнча кызматтар;

▪️ жалпы курулуш, электр жана санитардык-техникалык иштер;

▪️ телефон балансына бирдиктерди жүктөө кызматтары.